04:24
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Прокуратура «Апрель» телеканалынын ишин токтотууну көздөөдө

Октябрь райондук прокуратурасы «Апрель» телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«УКМКдан келип түшкөн материалдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын эксперттик корутундуларынын негизинде Октябрь райондук көзөмөл органы «Апрель» телеканалынын социалдык тармактардагы ишмердүүлүгүн токтотуу жана ал каралып жаткан «Апрель» телерадиоканалын жайгаштырууга уруксатты жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Прокуратура бул коомдук коопсуздукту коргоо, мыйзамсыз маалыматтарды таратууга жол бербөө жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы Кыргызстандын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында жасалганын кошумчалады.

Буга жооп катары телеканалдын редакциясы билдирүү таратып, анда укук коргоо органдарынын деструктивдүү аракеттерге каршы күрөшүн кубаттай турганын баса белгилеп, ошол эле учурда сөз эркиндиги жана бийликти сынга алуу демократиялык коомдун пайдубалы экенин эскертти:

«Биз сөз эркиндиги жана көз карандысыз журналистика коркунуч эмес, туруктуу демократиянын пайдубалы деп эсептейбиз. Президент Садыр Жапаров өзү да конструктивдүү сындын зарылдыгын бир нече жолу айткан».

Эң көп окулган жаңылыктар