02:15
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Пайдалуу кеңеш: Жазгы аллергиядан кантип сактануу керек?

Аллергиясы бар адамдар күн баткандан кийин чаңчалардын активдүүлүгү азайганда көчөгө чыкканы жакшы.

Дарыгердин айтымында, адамдар үйдөн тышкары кезде көз айнек тагынып, респиратор колдонушу керек.

— Бул мезгилде башка климаттык зонага баруу жакшы болор эле. Бирок бул бир нече себептерден улам баарына жеткиликтүү эмес. Кайыңдар аймагында жүргөндө, чаңчалардын таасирин азайтыңыз. Кургак жана шамалдуу аба ырайында көчөгө чыкпоого аракет кылыңыз, жаандан кийин батириңизди желдетиңиз, сыртта көз айнек жана респиратор тагыныңыз, күн баткандан кийин чаңчалар учпай калганда жүрүңүз, дешет дарыгерлер

Мындан тышкары, батирде да, унаада да кондиционерлер үчүн атайын чыпкаларды колдонууну сунуштады. Дарыгердин айтымында, ошондой эле күн сайын нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп, сырттан келгенден кийин дароо жууп, кийимдерин алмаштырып, шаардын сыртына чыкпай, физикалык жана психоэмоционалдык стресстен алыс болуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар