Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Вена шаарындагы ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Төлөндү Макенов Кыргызстандын Австриядагы элчиси кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Нуржан Шайлдабекова 2025-жылдын 10-февралында өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ал 2016-жылдын июнь айынан бери Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп келген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечими менен анын орун басары Тынчтык Шайназаров бош турган кызмат ордуна дайындалды.