02:29
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Акыйкатчы институту: «Рита Карасартова СИЗО-1 абагындагы шартка нааразы эмес»

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги No1 СИЗОнун аялдар канатына барып, укук коргоочу Рита Карасартова менен баарлашты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым аялдар ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү жана медициналык жардамдын жетишсиз болуп жатканына нааразы болушту.

Институттун кызматкерлери жарандык активист Рита Рахман (Карасартова) менен да жолугушуп маектешти. Аны менен чогуу камерада дагы үч аял кармалып турат.

Ал кармоо шарттарына жана мекеме кызматкерлеринин аракеттерине даттанган жок.

Бирок, мурдагы камактагы мезгилинде саламаттыгына зыян келгени жөнүндө айтып, жакында эле операция болгонун жана учурда медициналык кароого муктаж экенин билдирди.

Мониторингдин жыйынтыгында № 21 мекеменин медициналык пунуктуна абактагыларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча сунуштар берилди.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигин СИЗО-1де зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүгө шарт түзүүгө жана абактагылардын саламаттыкты сактоо укуктарын камсыздоого чакырды.

Ал белгилегендей, «Кылмыш жасоого шек саналып же айыпталып кармалган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесине ылайык, тергөө абактарындагы дарылоо-профилактикалык жана санитардык-эпидемиологиялык иштер Кыргыз Республикасынын «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамына ылайык жүргүзүлүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар