Ош облустук прокуратурасы Ош шаарындагы «Весна» кинотеатрынын 0,19 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнүн аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Ош шаарындагы «Весна» кинотеатры 0,19 га жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, наркы 102 млн сомду түзгөн «Весна» кинотеатры тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылган.