Чүй облусунда жол кайгуул кызматкерлери дрондор аркылуу жол эрежесин бузууларды аныкташат. Бул тууралуу 24-kg.comге облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
2024-жылы пилоттук долбоордун алкагында буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош унаа жолдорунда жана капчыгайлардагы жолдордо жол эрежесин бузуулар аныкталган. Анан тестирлөө учурунда жарым сааттын ичинде 30га жакын жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы 2025-жылдын туристтик сезонунда жол кайгуул кызматкерлери Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда, ошондой эле айланма жолдо эреже бузгандардын жоопкерчилигин белгилөө үчүн дрондорду колдонууну улантарын билдирди.