Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-апрелиндеги токтому менен Бишкек шаарында мамлекеттик административдик имараттарды куруу боюнча чаралар аныкталды.
Токтомго ылайык, Президенттин Аппаратына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы төмөнкү уюмдар үчүн имараттарды долбоорлоо жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп дайындалды:
Башкы прокуратура;
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
«Кызмат» мамлекеттик мекемеси;
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалы.
«Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте параллелдүү долбоорлоо жана куруу технологиясын колдонуу менен аталган объекттерди долбоорлоону жана курууну камсыз кылуу, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу тапшырылды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерди алууга, экспертизадан өткөрүүгө жана бүткөрүлгөн долбоорлорду пайдаланууга кабыл алууга көмөк көрсөтүү тапшырылды.
Экономика жана соода министрлиги бул объекттерди республикалык жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизүүгө милдеттүү.
Эске салсак, алар Бишкекке өкмөттүк шаарча курууну көздөшүүдө.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев административдик комплекс 19 тогуз кабаттуу үйдөн туруп, ар биринде бирден мамлекеттик мекеме жайгашаарын билдирген.