Жаңы окуу жылы башталганга чейин Билим берүү министрлиги 740 миллион сомго 2,5 миллион даана окуу китептерин сатып алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, 3-9-класстар үчүн англис тили, 1, 2, 5, 7, 8-класстар үчүн табият таануу китептери, 1, 2, 5, 7, 8-класстар үчүн математика китептери сатылып алынат.
Мындан тышкары, Россия Федерациясы менен биргеликте Билим берүү министрлиги 1, 2, 5 жана 7-класстын окуучуларын орус тили китептери менен камсыздайт.