Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасында соода жана өнөр жай аймактарын түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев Анжиян облусун өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.
Өзбек басылмаларынын маалыматына караганда, жыл сайын Анжиян облусунан Кыргызстанга 200 миллион долларлык продукция экспорттолот. Буга байланыштуу Өзбекстандын башчысы чек ара аймактарынын биринде — Кургантепада же Ходжаабадда (Ош облусунун Кара-Суу району менен чектеш. — 24-kg.com эскертүүсү) эркин соода жана өнөр жай аймактарын түзүү зарылдыгын белгиледи.
Шавкат Мирзиёев ишкерлер менен кеңешүүнүн жыйынтыгы менен аймактардын бирин тандап, долбоордун башкы планын даярдоону тапшырды. Ал эркин аймак Ооганстан менен чек арадагыдай уюштурулушу мүмкүн экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Өзбекстан-Ооган соода аймагы 2019-жылдын май айында Өзбекстандын Ооганстан менен чектеш Сурхандарья облусунда ачылган.
Жолугушууда Өзбекстандын президенти Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу долбооруна да токтолду. Президент белгилегендей, каттамдын ишке кириши жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн бир жумага, аралыкты миң чакырымга кыскартып, жүк ташуу көлөмү он эсеге көбөйөт.
«Бирок биздин ички темир жол тармактары, бажы пункттары жана станциялары мындай көлөмдөрдү кабыл алууга жана иштетүүгө канчалык даяр?» — деп сурады Шавкат Мирзиёев жооптуу адамдарга эсептөөлөрдү жүргүзүп, инфраструктураны даярдоо боюнча комплекстүү программаны сунуштоону тапшырды.