03:04
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтөт

Кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тынчтык Шайназаровдон Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн мыйзамда президенттик шайлоонун күнү катары көрсөтүүнү суранды.

Белгилей кетсек, кыргыз парламенти 90 депутаттан турат жана беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, 7-чакырылышы 29-декабрда ишин баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар