16:29
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновка транспорттук көзөмөл постунда бүгүн саат 8:30да жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, чектөө 27-мартта аба ырайынын жана климаттык шарттардын татаалдыгына байланыштуу саат 23:20да киргизилген.

9-ДЭП ишканасынын жумушчулары Төө-Ашуу ашуусун кардан тазалап, тайгалак менен жаап жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар