15:26
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Тажик президентинин иш сапары. Бишкекте бала бакчаларда нөөмөт топтору түзүлөт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапарына байланыштуу 12-13-мартта Бишкектеги бала бакчалар, ошондой эле мектептер онлайн форматка өтүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир бала бакчада нөөмөт тобу болот.

Билим берүү башкармалыгы ата-энелер коомчулугун учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.

Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарына байланыштуу 12-13-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Эң көп окулган жаңылыктар