17:59
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ошто шаарында 780 миң сом пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү Ош шаарынын тургуну кылмыш иши боюнча камалган адамдын бөгөт кою чарасын жеңилдетүү үчүн милиция кызматкерине пара сунуштап жатканы аныкталган.

Мындан улам, милиция кызматкери Ош ШИИБтин Тергөө кызматына билдирүү менен кайрылып, аталган жаранга карата кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

20-февраль күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп, Ош шаары жана Ош облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматтык иш бөлмөсүндө Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран милиция кызматкерине 870 000 сом акча пара берген жеринен кармалды.

Кармалган А.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайын киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар