Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга келди. Бул тууралуу Түркиянын ММКлары жазып чыкты.
Бүгүн, 18-февралда Зеленский президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат.
Президенттиктин коммуникациялар боюнча директору Фахреттин Алтун Анкара «Эсенбога» аэропортунда Зеленскийдин Түркияга жасаган сапарына байланыштуу билдирүү жасады.
Алтун «Жолугушууда Түркия-Украина стратегиялык өнөктөштүк карым-катнаштарынын бардык аспектилери каралып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты дагы да күчтөндүрүү үчүн таштала турган кадамдар каралат. Сапардын жүрүшүндө Украинадагы акыркы окуялар жана башка аймактык, глобалдык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот», -деп билдирди.