Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов тууралуу балдар үчүн биринчи даректүү тасманын бет ачары болду. Бул тууралуу Бишкектеги «Орус үйү» билдирди.
«Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда «Ак кеменин сырлары» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Бул Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин журналистика жана массалык коммуникациялар жогорку мектебинин магистранты, «Автордук аудиовизуалдык долбоор» программасынын студенти Амина Күрөңкееванын дипломдук долбоору болуп саналат
Тасманын катышуучулары мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар. Балдар Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасына кызыгып, жазуучунун бир тууган эжеси Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, «Ак кеме» тасмасынын оператору, КРСУнун профессору Манасбек Мусаев, «Чыңгыз Айтматов — аалам адамы» монографиясынын авторлоштору менен жолугушту. Тасмада «Ак кеме» китебинин жазылышы жана чыгарманын киного ылайыкташтырылышы жана автордун өзү тууралуу кызыктуу фактылар айтылат.
Көрсөтүлгөндөн кийин тасма боюнча талкуу болду. Режиссёр жана эксперттер жаш көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип, эң кызыктуу суроолордун авторлору сыйлыктарга ээ болушту.
Даректүү тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин «Новый мир» журналында басылганынын 55 жылдыгына арналган.