14:44
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер начар иштегени үчүн жазаланат. Кантип?

Мамлекеттик кызматкерлерди жазалоонун жаңы ыкмаларын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов брифингде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерге карата жазалар эффективдүү болушу үчүн катуу сөгүш алган кызматкер токтоосуз иштен бошотулушу керек. Бирок мыйзамдык актыларда эч кандай чектөөлөр жок, аткаминер катары менен бир нече сөгүш алып, ишин уланта берет.

«Мамлекеттик органдардын эффективдүү иштешин камсыз кылуу үчүн жазалоо механизми иштелип чыгат. Анда мамлекеттик кызматкерлер сый акыларынан ажыратылат жана башка нерселер менен бирге алардын маяналары кыскартылат. Жарандардын кайрылууларын кароонун мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн 10 миң сом айып пулду киргизүүнү караган Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү иштеп чыгуу стадиясында турат», — деп кошумчалады Азамат Осмонов.

Эң көп окулган жаңылыктар