Ага Хан IV 20 жашында чоң атасынын ордуна 1957-жылдан бери Исмаилит коомун жетектеп келет.
Салтка ылайык, жаңы имам керээз аркылуу өзүнөн мурунку имам тарабынан дайындалат. Жаңы имамдын ысымы Карим Ага Хан IVнун керээзи окулгандан кийин жакынкы күндөрү белгилүү болору күтүлүүдө.
Кыргызстанда Ага Хан Фонду (АКФ) 2002-жылдан бери активдүү иштеп, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айыл аймактарын өнүктүрүү багытында долбоорлорду ишке ашырып келет. Маанилүү долбоорлордун бири Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен түзүлгөн Борбордук Азия Университетинин (БАУ) ачылышы болуп саналат.