Бишкек шаарында эки күндүк «Рулга» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери тарабынан 2609 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталса, анын 50сү мас абалында унаа башкарган. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Рейд 24-26-январь аралыгында Бишкек шаарында жүргүзүлүп, бул убакыт аралыгында төмөнкүдөй мыйзам бузуулар аныкталган.
— Мас абалында унаа башкарганы үчүн 50 протокол түзүлдү;
— 46 айдоочуга айдоочулук күбөлүгү жок же транспорттук каражаттын каттоо күбөлүгү жок унаа башкарганы үчүн айып салынды;
— Алдыңкы капталын же алдыңкы айнегин мыйзамсыз караңгылаткан 22 айдоочуга айып пул салынды;
— 2 миң 491 башка жол кыймылынын эрежелерин бузуулар.
Мындан тышкары, борбордо 566 унаа айып жайга киргизилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жол эрежесин так сактоону эскертет.