02:56
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында өрт чыгып, сегиз үй-бүлө үй-жайсыз калды

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында өрт чыкты. Бул жөнүндө 24-kg.com агенттигине окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, экономикалык аймактын кызматкерлери жашаган «барак» тибиндеги үй өрттөнүп кетти. Сегиз үй-бүлө үй-жайсыз калды.

«Баары күйүп кетти: акча, документтер, буюмдар, кийим-кечелер. Сегиз өрт өчүрүүчү машине тартылды. «Манас» аэропортунун кызматкерлери, ӨКМ жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын эки өрт өчүрүүчү унаасы келди», — деп белгилешти жарандар.

Эң көп окулган жаңылыктар