04:57
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары камактан чыгарылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев камактан чыгарылды. Маалыматты 24-kg.com агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ага ылайык, 12-январда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

«Буга чейин Замирбек Карашевге карата тандалган камакка алуу бөгөт чарасы башка жакка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлдү», — деп билдиришти соттон.

Эске салсак, экс-чиновник 2023-жылдын октябрь айында эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу беренеси боюнча шектелип кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар