01:56
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте «Вок лагман» тез тамактануучу жайында жапырт уулануу болду

Бишкекте «Вок лагман» тез тамактануучу жайында жапырт уулануу болду. Бул жөнүндө 24-kg.com агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада беш адам жабыркады.

«Уулануунун алгачкы белгилери саат 2.00дө 4-декабрда байкалган. Жабыркагандар медициналык тез жардам алышты. Тамактан уулануу лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталды», — деп белгилешти департаменттен.

Тез тамактануучу жайда пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Санитардык мыйзам бузуулар аныкталып, 23 миң сом айып салынды.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Вок лагман» фаст-фуд жайында шектүү тамак-аштын калдыктары табылган жок. Уулануунун себебин аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады мекеме.

Мамсанэпидкөзөмөл борбору жабыркагандар Киев көчөсү, 95 дареги боюнча тез тамактануучу жайдан лагман сатып жешкенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар