21:13
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкек — Ош автожолунда 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Бишкек — Ош автожолунун боюнда 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Кылмыш ишине шектүү катары Ноокен жана Баткен районунун тургундары кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга маркумдун эжеси кайрылып, 17-октябрда Сузак районунда бир тууган инисинин сөөгү табылганын билдирген. Эмне себептен каза болгонун аныктап берүүнү жана кылмыш жасагандарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «Адам өлтүрүү» менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29 жана 35 жаштагы жарандар кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар