17:29
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Алмазбек Атамбаев Испанияга дарыланууга кетет

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Испанияга дарыланууга кетет. Бул тууралуу ал бүгүн абактан чыккандан кийин билдирди.

Анын айтымында, Испаниянын премьер-министри анын бошотууга кол кабыш кылып, аны өлкөсүнө чакырган.

«Дарылануу керек. Бирок мен сөзсүз кайра келем», — деди ал.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны Кой-Таштагы үйүндө күтүп жатат.

Белгилей кетсек, бул үй кылмыш ишигин алкагында мамлекетке өткөнү жана анын ордуна балдар үчүн реаблитациялык борбор салынары айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар