02:19
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.09

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 7 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 30-январдан 5-февралга чейинки аралыкта коронавирустун жети жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен беш адам ооруканага жаткырылды.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы бардык облустар жашыл зонада жайгашкан.

Эскерте кетсек, 2022-жылы жана 2023-жылдын 35 күнүндө күнүндө коронавирустун жалпы 21 миң 851 учуру катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар