04:30
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

340 миңге жакын бала социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашайт

Кыргызстанда 340 миңге жакын бала социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылы 18 жашка чейинки курактагы 1,9 миң балдар жана өспүрүмдөр ата-эненин кароосуз калган. Алардын ичинен болгону 674ү гана томолой жетимдер.

2021-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 1 миңге жакын жетим бала жашаган.

Өткөн жылы 7 баланы чет өлкөлүк жарандар асырап алышкан.

Статкомдун айтымында, 1 миң 670 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда, 638 бала асырап алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар