Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин «Керемет Банктан» алган насыясын кайтарып берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Самат Ибраев эми банкка акчаны кайтарып бериш керек. Буга чейин Октябрь райондук соту депутаттан банктын эсебине 2 миллион сом алып берүү чечимин чыгарган.
Белгилей кетсек, насыянын жалпы көлөмү ачык айтылбайт.
Самат Ибраев парламентте жаңы финансалык технологиялар боюнча мыйзам долбоорун сунуштап келет.