КТРКнын башкы директору Бахтияр Алиев башкы директорлук кызматынан алынды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине байкоочу кеңештин өкүлү Жылдызбек Керимбаев билдирди.
Анын айтымында, Бахтияр Алиев өз калоосу менен арыз жазган.
«Анын отставкасы кабыл алынды. Башкы директордун милдетин аткарууга Кайрат Иманалиев дайындалды», — дейт Жылдызбек Керимбаев.