01:13
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

Доллардын баасы 84 сомго жетип калды

Доллар кымбаттоосун улантууда. Бүгүн анын баасы 84 сомго жакындап калды.

Учурда АКШ валютасын 82,9-83,4 сомдон сатып алып, 83,5-83,8 сомдон сатышууда. Бир нече сааттын ичинде анын баасы 50 тыйынга өстү.

Ал эми акыркы сутканын ичинде доллардын баасы 2 сомго кымбаттады.

Эске салсак, доллар өткөн аптадан тартып кымбаттай баштады. Улуттук банк $42,4 миллионун сатып, интервенция жасоого мажбур болду. Бул акыркы жарым жылдын ичинде жүргүзүлгөн эң ири интервенция. Бирок кечээтен баштап доллардын баасы кайтадан өстү.

Эң көп окулган жаңылыктар