11:35
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 7-8-ноябрь күнү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул жолу дата жекшемби күнгө туш келгендиктен, эс алуу 9унчу жана 10-ноябрга жылдырылат.

Улуу Октябрь революциясынын күнүн өзгөртүү чечими 2017-жылы кабыл алынган.

1937-38-жылдардагы репрессияда улуттук интелегенциянын өкүлдөрү курман болгонун эске алуу менен 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет.

Белгилей кетсек, 7- ноябрь дагы бир майрам - Басма сөз жана маалымат күнү.

Эң көп окулган жаңылыктар