12:32
USD 87.38
EUR 101.75
RUB 1.08

Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканага түштү

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ооруканага түштү. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Илмиянов 16-сентябрда кардиология бөлүмүнө жаткарылды.

«Илмиянов Молдовановка айылындагы № 26 абагында жаза мөөнөтүн өтөөдө. Анын кан басымы көтөрүлүп ооруканага түштү», — дейт ЖАМК.

Белгилей кетсек, мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жети жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар