04:35
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кайыңды-Бишкек каттамынын айдоочулары иштөөгө уруксат сурашууда

Кайыңды-Бишкек жана Чалдовар-Бишкек шаар аралык каттаган маршруттарынын айдоочулары иштөөгө уруксат берүүлөрүн талап кылышууда. Бул тууралуу алар 24-kg.com агенттигине маалымдашты.

Айдоочулардын айтымында, алар эки жарым айдан бери жумушсуз, каражатсыз үйдө отурушат.

«Мындан бир гана биз кыйналып жаткан жокпуз. Карапайым калк күнүгө Бишкекке барып-келүү үчүн бир күндө иштеп тапкан 500 сомун таксиге берүүгө мажбур болушууда. Элестеткиле, алардын иштеп тапкан акчаларынын баары жол киреге кетип жатат. Бийлик өкүлдөрү 25-майдан тартып иштеп баштайсыңар деп сөз беришкен эле, кийин 1-июнга жылдырышты. Эми 8-июнда деп жатышат. Мындан ары чыдай албайбыз. Эгер 8-июндан тартып жумушка чыгууга уруксат бербесе биз дагы колубуздан келген чараны көрөбүз», — дешет алар.

24-kg.com агенттигине маалымат жөнөтүү үчүн WhatsApp жана Telegramдан 0555312024 номурун териңиз.

Эң көп окулган жаңылыктар