10:20
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Супермаркеттин жанындагы мушташ. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы узартылды

Супермаркеттин жанында эркек кишини аесуз сабаганга шектелгендердин баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Калысбек Сейитбеков менен Жаныбек Бапышев 31-январга чейин камакта болот. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.

Жал кичи районундагы мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков өздөрү милицияга келген болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар