07:25
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт

Борбор калаада сөз эркиндигин колдоо максатында #REакция 2.0 митинги өтөт. Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланууда.

Акция Ала-Тоо аянтында 18-декабрда саат 11 жарымда башталат.

Тынчтык акциясынын өтүшүнө бир тууган Матраимовдордун ЖМКларга карата доо арызы себеп болду. Жалпы доо суммасы-60 миллион сом.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24-kg.com шилтеме берип жазып чыккан.

«Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты мекемелер аралык тергөө тобу иликтей турганын УКМКдан билдиришкен болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар