21:16
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директорун сабап кетишти

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди сабап кетишти. Бул маалыматты ишкананын басма сөз катчысы тастыктады.

Окуя 30-октябрда түнкү саат 12лер чамасында болгон.

Маалыматка караганда, Канатбек Ашырбаевди машыгуу залынан чыгып келе жаткан учурда эки белгисиз адамдар ур-токмокко алышкан.

Басма сөз катчысынын айтымында, анын учурда абалы жакшы. Бүгүн ал жумушка чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар