21:03
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандарга каршы рейд жүргүзүлдү

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандарга каршы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд Чолпон-Ата шаарынан Балыкчы шаарына чейин камтыды.

«Иш-чаранын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын 1988-жылы туулган тургуну үйлөтмө балон кайыкта мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалды. Кайыгынан Ысык-Көлдүн 17 даана чебачек балыгы табылды. Жеринен протокол түзүлүп, миң сом айып, 5 миң 151 сом доо коюлду», -деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынан узундугу 2 чакырымга жакын 30 даана кытайдын торлору чечилип, көл үстүнөн тазаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар