Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатындагы каталар боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине мекемеден билдиришти.
Алардын маалыматында, Кылмыш кодексинин «Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматына кыянаттыгы» айыбы менен сотко чейинки териштирүү башталды.Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү берилген 95 миң аттестатта ката табылганын белгилейт. Андан тышкары, Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында «реднюю» сөзү кайталанып жазылып калгандыгы боюнча дагы текшерүү жүрөт.