14:07
USD 87.45
EUR 101.59
RUB 1.09

Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы 28-августка чейин узартылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы 28-августка чейин узартылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү Бакытбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, Икрамжан Илмиянов тергөө абагында кармалууда.

«Икрамжан Илмияновдун иши боюнча тергөө уланып жатат», -деди ал.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго алдамчылык айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар