04:21
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте балдар интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жаштар үйү салынат

Бишкекте балдар интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жаштар үйү салынат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине «Жетим балдардын укугу» коомдук фондунун башчысы Игорь Беляев билдирди.

Анын айтымында, «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачыл борборунда 22-майда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук концерт болот. Чогулган каражат балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн салына турган турак жайга коротулат.

«Долбоор 2018-жылы башталган. Алгачкы үйлөр Новопокровка айылында курулган. Ал жактын шарты үй шартына окшоштурулган», деди Игорь Беляев.

Эң көп окулган жаңылыктар