Бишкекте УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери кафенин күзөтчүлөрү менен согушуп кетишти. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Окуя бүгүн түнү болгон.
«Алдын ала алынган маалыматка караганда, бычактан күзөт кызматкери жаракат алган. Бирок, жабырлануучу ооруканага жаткырылганбы же жокпу белгисиз», -деп билдиришти органдан.
Башкы прокуратура окуя Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын билдирди.