Айдоочулар Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды аныктоо үчүн жолдорго камераларды орнотуп, бирок эскертүүчү белгилердин коюлбагандыгына нааразы. Бул тууралуу алар 24-kg.com агенттигине билдиришти.
Маалыматка ылайык, айланма жол боюнча Новопокровка айылынын аймагында камера орнотулган.
«Эмне үчүн камералар эскертүү белгилери менен белгиленген эмес? Жол кыймылынын эрежелери боюнча орнотулушу керек», -дешти айдоочулар.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 24-kg.com агенттигине билдиришкендей, белгилер Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети объектерди толугу менен өткөрүп бергенден кийин коюлмакчы. Айдоочуларга 12-февралдан тарта айып салына баштайт.