19:27
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге шектүүлөр табыла элек

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге шектүүлөр табыла элек. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.

Милиция окуянын күбөлөрун суракка алышууда. "Сурак жактоочунун катышуусунда жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кимдир-бирөөлөргө кысым көрсөтүп жатат деген билдирүү чындыкка коошпойт", -деп билдиришти ОИИБдан.

Эске салсак, Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди белгисиз бирөөлөр талкалап кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар