21:17
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Кыргызстанга кайтып келген мурдакы элчи Кылычбек Султан курултайга катышат

Кыргызстанга кайтып келген мурдакы элчи Кылычбек Султан курултайга катышат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине билдирди.

Анын айтымында, курултайда өлкөдөгү саясый кырдаал талкууланып, ачуу чындык айтылышы күтүлөт.

«Жогорку Кеңеш саясый маселелерди көтөрбөй калды. Андыктан патриот активисттер курултай аркылуу коомдогу маселелерди бийликке жеткирүүгө аргасыз», — дейт ал.

Буга чейин чет өлкөдөн башпаанек сурагандыгын жарыялаган Кылычбек Султан кечээ мекенине кайтып келди. Ал президент менен жолугуу ниетинен кайткан эмес.

Эскерте кетсек, курултай 24-ноябрда Бишкек шаарында Т. Абдымомуновдун атынданы Улуттук кыргыз драмм театрында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар