Бишкектеги ботаникалык бактан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азиат түспөлүндөгү жарандын жансыз денесинде эч кандай уруп-сабоонун белгилери катталган эмес.
Учурда бул факт боюнча тергөө иштери башталды.